Skip to main content
Cover
Download Publication: Кыргызча PDF
15 April 2026

Bilim Run Event in Naryn

Жашоону билим жана мүмкүнчүлүктөр менен өзгөртүү

Эртеңки күндүн лидерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Закир Зарылбеков. Ал ШПНОнун курстарын аяктаган соң, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуганга толук стипендияга ээ болгон.

«Менин Нарындагы мамлекеттик мектептен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына чейинки толук стипендияга ээ болгонго чейинки басып өткөн жолум ШПНОнун туура багыты менен ар бир адам өз кыялдарын турмушка ашыра ала тургандына ишеним жаратууга күбө болуп бере алат».

Таланттуу жаштардын алдыңкы университеттерге өтүшүнө мүмкүнчүлүк бериш үчүн бизге кошулгула.

  • Республикалык тестирлөөгө даярдоо курсу
  • Бир окуучу үчүн окуу акысы – 2500 сом.

Жаштарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу

Согдиана Магомедова. Ал Нарындагы ШПНОнун социалдык тармактардагы маркетинг (SMM) боюнча курсун бүтүргөн соң бизнес компаниялар үчүн жаңы кардарларды тартуу боюнча ишкердүүлүк менен алектенип жатат.

«SMM курсу мен үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты жана мен ар дайым умтулуп келген карьераны баштаганыма кубанычтамын».

Жаштардын ишке орношуусу үчүн көндүмдөргө ээ болушу үчүн бизге кошулгула.

  • Жаштар үчүн жаңы санариптик көндүмдөр боюнча курс
  • Бир окуучу үчүн окуу акысы – 3600 сом

Аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо

Сезим Болотбекова. ШПНОнун Нарындагы ишкердүүлүк борборунун бүтүрүүчүсү эми Нарын шаарындагы органикалык азыктарды саткан дүкөндү ийгиликтүү иштетип жатат.

«Витаминдердин жетишсиздигинен жабыркап жаткан балдарды көрүп туруп, мен жергиликтүү өндүрүштүн органикалык азыктарына арналган дүкөн ачууну чечтим. ШПНОнун колдоосу менен мен өзүмдүн эле жашоо деңгээлимди жогорулатпастан, бүтүндөй коомчулуктагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн катализатору боло алдым».

Аялдардын ишкердүүлүгүн алдыга жылдыруу менен, коомчулуктагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизиш үчүн бизге кошулгула.

  • Элеттеги аялзаты үчүн ишкердүүлүк программасы
  • Бир окуучу үчүн окуу акысы – 13 000 сом

БИЗ ЖӨНҮНДӨ
2006-жылы негизделген Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби (ШПНО) Борбордук Азиядагы социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгөлөрдү түзүүгө аракет кылып келет. Өзгөчө тоолуу аймактарда, билим алып жаткандардын кеңири чөйрөсүнө билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана жашоонун шарттарын жакшырта турган программаларды жайылтуу жолу аркылуу иш аракеттерди жүргүзүп келет. Нарын шаарында аталган Мектептин курстарын жана окутуу программаларын 34 000дөн ашык окуучу аякташты.

Каражат которуу үчүн:
Кабыл алуучу: Борбордук Азия Университети
Кабыл алуучунун банкы: Кыргыз Инвестициялык жана Кредит Банкы
БИК:

Каражатты бөлүп 12 жолу которууга болот. Бардык 1000 сомдон жогору болгон каражаттарды терең ыраазычылык менен кабыл алабыз.

Биз менен байланышуу үчүн:
Нурбек Нишарапов
Нарын ШПНО                                                            
Сейтаалы Жакыпов көчөсү, 19
Нарын шаары, Кыргызстан

Бишкек ШПНО
Токтогул көчөсү, 125/1
Бишкек шаары, Кыргызстан

Эгерде сиз көбүрөөк олуттуу салым кошкуңуз келсе, анда төмөнкү БАУнун кызматкерине кайрылыңыз:
Мамбетова Чынара
БАУнун Келишимине жана Уставына ылайык, БАУ юридикалык жана жеке жактардан кайрымдуулук каражаттарын кабыл алууга укуктуу.